Үч-Коргон ГЭСин толук жаңылоо ноябрдын аягына чейин аяктайт

Коом
Үч-Коргон ГЭСин толук жаңылоо ноябрдын аягына чейин аяктайт

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Үч-Коргон ГЭСин толук жаңылоо иштери ушул жылдын ноябрь айынын аягына чейин аяктайт. Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда Үч-Коргон ГЭСинин акыркы агрегатын сыноо иштери жүрүп, ушул айдын аягына чейин ГЭС толук кандуу ишке кирет.

“Өлкөдөгү ири гидроэлектр станцияларынын бардыгы Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Ошондуктан өндүрүлгөн электр энергиясын башка аймактарга жеткирүү үчүн электр берүүчү аба чубалгыларын жана көмөк чордондорду жаңылоо да маанилүү”,- деди Өмүрбеков.

Белгиленгендей, 1970–1980-жылдары курулган гидроэлектр станцияларынын жабдуулары көп жылдар бою жаңыланбай келген.

“Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСин толук жаңылоо иштери жүргүзүлүп, анын кубаттуулугу жогорулатылды. Ошондой эле Нарын облусундагы Ат-Башы ГЭСи толук жаңыланып, кубаттуулугу көбөйтүлдү. Учурда эскилиги жеткен ГЭСтердин көбүн жаңылап алдык. Бул иштерде көп жылдан бери энергетика тармагында эмгектенип келе жаткан тажрыйбалуу адистерибиздин салымы чоң. Эскирген жабдууларды иштетип, алардын иштөөсүн камсыз кылуу да чоң эмгекти талап кылат. Алдыда дагы бир катар тапшырмалар бар", — деди министрдин биринчи орун басары.

Ошондой эле ал энергетика тармагында учурдагы жана капиталдык оңдоо иштеринин жүргүзүлүп жатышы, тармакты жаңылоо боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан да бир катар талаптар коюлганын кошумчалады.