Үч күндө Альп тоолорунда он альпинист каза болду

Дүйнө Загрузка... 16 Июнь 2026 11:10
WhatsApp Image 2026-06-16 at 08.48.14.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Италиянын Альп тоо кыркасындагы Гран Парадизо тоосунда үч альпинист каза болду. Бул тууралуу БелТА агенттиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, куткаруу кызматтары кырсык тууралуу билдирүү алгандан кийин алардын сөөктөрүн болжол менен 3600 метр бийиктиктен табышты.

Бир күндөн кийин дагы үч адам Монблан массивинде каза тапты. Алардын экөө Монбландын француз тарабында кулап көз жумса, үчүнчү альпинисттин сөөгү Италия тарабындагы Бренва мөңгүсүнүн жанынан табылды.

Ошондой эле ишемби күнү Швейцариядагы Маттерхорн тоосунда француз альпинисти каза болду. Маркумдун сөөгүн Швейцариянын куткаруу кызматтары алып чыгышты.

Ошол эле күнү Миттенвальддын жанындагы Карвендель тоолорунда 22 жаштагы альпинист болжол менен 130 метр бийиктиктен кулап каза тапкан.

Куткаруу кызматтары тогузунчу жана онунчу өлүмдөрдү катташкан: Италиянын Виченца жана Тренто провинцияларынын чек арасында жайгашкан Пасубио тоосунда 25 жаштагы аял жана 26 жаштагы эркек каза болгон. Алар аскалуу жерден болжол менен 100 метрден кулап түшкөн.