Быйылкы турсезон "Кыргызстанды майдын ритминде ач!" урааны менен башталат

Туризм Загрузка... 19 Апрель 2025 21:35
kiles.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.04.25 /Кабар/. 2025-жылдын 1–11-майында, расмий майрамдык эс алуу күндөрүндө, Кыргызстан туристтик сезондун башталышын «Кыргызстанды майдын ритминде ач!» ураанынын алдында жарыялайт.

Туризм департаментинен билдиришкендей, бул майрам күндөрү өлкөнүн жашоочуларына жана конокторуна үй-бүлөсү менен чогуу эс алып, Кыргызстандын жашыл өрөөндөрүнөн жана бийик тоолуу көлдөрүнөн тартып, ден соолук чыңдоочу курортторго жана маданий борборлорго чейин саякаттоо мүмкүнчүлүгү сунушталат. Кыргызстандагы май айы — бул жаратылыштын жазгы сулуулугу менен жолугушуу, көчмөндөрдүн салттары менен таанышуу жана ар ким өзүнө шыктандырууну таба турган жерлерде эс алуу мезгили.

Бул демилге 2025–2030-жылдарга карата Туруктуу туризмди өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылып, ички маршруттарды жайылтууга, аймактык туристтик демилгелерди колдоого жана өлкөнүн жаңы туристтик календарын түзүүгө багытталган.

"Кыргызстанды жакындарыңыз менен жаратылыштын боорунда майдын ритминде кайрадан ачууга чакырабыз!",-деп айтылат маалыматта.