Былтыр Өзбекстанга 11 млн турист кирип, дээрлик 5 млрд доллар киреше тапты

Борбор Азия Загрузка... 23 Январь 2026 15:35
16_Tur.webp
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.01.26. /Кабар/. 2025-жылы Өзбекстанга барган туристтердин саны 11 миллиондон ашты. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өткөн туризм тармагын өнүктүрүүгө арналган жыйында айтылды.

Маалыматка ылайык, туристтик кызматтардан түшкөн киреше 4,8 млрд долларга жетти. Ошондой эле өлкөгө визасыз кире алган мамлекеттердин саны 94кө көбөйдү.

Жыйында туризм тармагын жаңыча башкаруу, туристтик продуктуларды өнүктүрүү, ири иш-чараларды натыйжалуу координациялоо зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары, тармакты санариптештирүү, Улуттук туристтик платформаны ишке киргизүү жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн чет өлкөлөрдө кеңири жайылтуу тапшырмалары коюлду.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары Өзбекстан эл аралык маданий мейкиндиктеги ордун бекемдеп, Самарканд шаарында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясын ийгиликтүү өткөрдү. Ага 190 мамлекеттен 3 миңден ашуун делегат катышкан.