Былтыр өлкөдө электр энергиясын керектөө 18,3 млрд киловатт/саатты түздү

Экономика Загрузка... 26 Февраль 2025 13:57
a5bdbf82020dd03e5a899399ea2b8bc5_original.148471.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Былтыр өлкөдө электр энергиясын керектөө 18,3 млрд киловатт-саатты түздү. Бул тууралуу бүгүн Энергетика министрлигинин 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында айтылды.

Ведомствонун маалыматына караганда, анын ичинен ГЭСтерден - 12,77 млрд киловатт/саат, Жылуулук электр борбордон -1,76 млрд киловатт/саат электр энергиясы өндүрүлдү.

Ал эми коңшу өлкөлөрдөн 3 629,7 млрд киловатт/саат электр энергиясы импорттолду.

Мындан тышкары, жеке чакан ГЭСтерден – 156,2 млн кВт/c, Күн электр станцияларынан – 0,17 млн кВт/c өндүрүлдү.