Быйылкы жыл тарыхтагы эң жылуу жылдардын алдыңкы үчтүгүнө кириши мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 11 Декабрь 2025 09:20
d338e835-b243-40e2-8216-5ded4a21cbe2.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. 2025-жыл тарыхтагы эң жылуу жылдардын үчтүгүнө кириши ыктымал. Бул тууралуу Россия Гидромет борборунун илимий жетекчиси Роман Вильфанд билдиргенин, Интерфакс жазды.

Анын айтымында, 2015тен 2024-жылга чейинки акыркы он жыл - тарыхтагы эң жылуу жылдардын катарына кирди.

“Биринчи жана экинчи орундарды 2023 менен 2024-жылдар ээледи. Ал эми 2025-жыл үчүнчү орунга чыгары маалым болду”,-деген синоптик.

Буга чейин европалык Copernicus климат кызматы да 2025-жылды тарыхтагы эң ысык жыл болушу мүмкүн деп белгилеген.

Вильфанддын түшүндүрмөсүнө ылайык, глобалдык жылуулуктун өсүшү - парник газдарынын көбөйүшү менен байланыштуу.

“2025-жылы Тынч океанда Эль-Ниньо (океандын ысышы) көрүнүшү басымдуулук кылды, экватордук аймактагы суунун температурасы нормадан төмөн болду. 40 жыл мурун мындай шартта бул жыл эң суук жылдардын бири болмок. Ал эми азыр Эль-Ниньо болсун, Ла-Нинья болсун, глобалдык температура дээрлик өзгөрбөйт. Бул антропогендик фактор, атап айтканда парник газдарынын көбөйүшү табигый факторлорго караганда глобалдык температурага кыйла чоң таасир берерин көрсөтүп турат. Бул кубана турган жаңылык эмес”, - деп кошумчалаган Вильфанд.