Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Быйыл Ысык-Көл облусунун аймагында 10/6-0,4 кВ чыңалуудагы 2 386 чакырым электр чубалгылары оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Оңдоо иштери Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын өз керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо жана 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдануусунун алкагында жүргүзүлөт.
Ошондой эле аймакта 283 трансформатор капиталдык оңдоодон, ал эми 1 598 комплекттүү трансформатордук көмөкчордон кезектеги оңдоодон өткөрүлөт.
Мындан тышкары, кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында Ысык-Көл облусу боюнча 18 көмөк чордон орнотулат. Анын ичинен Түп жана Чолпон-Ата РЭТтерине төрттөн, Ак-Суу, Каракол жана Тоң РЭТтерине экиден, Жети-Өгүз РЭТине үч жана Балыкчы РЭТине бир көмөк чордон бөлүштүрүлдү.