Быйыл Самаркандда Борбор Азия - Булуң кызматташтык кеңешинин саммити өтөт

Борбор Азия Загрузка... 18 Февраль 2025 09:49
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 18.02.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Кувейттин эмири шейх Мишаал ас-Сабах күнмурун Эль-Кувейтте өткөн сүйлөшүүлөрдө быйыл май айында Самарканд шаарында өтө турган саммитке даярдыктарды талкуулашты, деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Ошондой эле жолугушууда өзбек-кувейт кызматташуусунун жашыл энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, инфраструктура, саламаттыкты сактоо жана туризмди алкактарындагы артыкчылыктуу багыттары көңүл чордонунда болду.

Кувейт шаарында инвестициялык платформа, Ишкер кеңеш жана соода үйүн түзүү боюнча макулдашууларга жетишилди. Кувейттин Араб экономикалык өнүгүү фонду менен өнөктөштүктү кеңейтүү, ошондой эле маданият жана туризм жумалыктарын өткөрүү пландалууда.

Тараптар БУУ, ШКУ, Ислам кызматташтык уюму, Блокторго кошулбоо кыймылдары сыяктуу эл аралык уюмдарда бир-бирин колдоорун ырасташты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Өзбекстан менен Кувейттин ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен билдирүүгө, ошондой эле өнөр жай, эмгек мамилелери, саламаттыкты сактоо, маданият жана искусство тармактарында кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду. Өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүү боюнча протокол түзүлдү.

Мирзиёев Кувейттин эмирин Өзбекстанга келип кетүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, Gulf Cooperation Council (GCC) - Перс булуңундагы мамлекеттер тарабынан негизделген аймактык жабык эл аралык уюм 1981-жылы май айында негизделген.