Быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду экономикага 225 млн доллар инвестиция салды

Экономика Загрузка... 29 Декабрь 2025 17:17
472982723_1148024470188103_6016681896774842893_n.jpg
copyright icon Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасына дээрлик 225 млн доллар инвестиция салды. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, 2025-жыл фонд үчүн чечкиндүү кадамдардын жана рекорддук инвестициялык активдүүлүктүн жылы болду.

“Биз жөн гана планды аткарбастан, аны 30%га ашыгы менен аткарып, Кыргызстандын экономикасына дээрлик 225 млн доллар инвестиция салып, 1700гө жакын жаңы жумуш орундарын түздүк: энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдеген жаңы ГЭСтерден тартып, аймактардын экономикасын өзгөрткөн заманбап логистикалык хабдарга чейин. Бул жылы ишке кирген 20 заводдун ар бири – бул атаандаштыкка жөндөмдүү Кыргызстанды куруу боюнча бирдиктүү стратегиянын бир бөлүгү.

Биз темпти басаңдатпайбыз. Азыртадан эле жаңы каржылык инструменттер жана алдыңкы тармактарды колдоо иштелип чыгууда. Биздин милдет – алдын ала аракет кылуу жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү”, - деп белгиледи Новиков.