Быйыл магниттик бороондор эң көп катталган жыл болду

Дүйнө 25 декабрь 2025 14:50
Быйыл магниттик бороондор эң көп катталган жыл болду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. 2025-жылы эң көп магниттик бороондор катталды. Бул тууралуу Известия Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөө институтунун Күн астрономия лабораториясы билдиргенин жазды.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы магниттик бороондор болгон күндөрдүн саны 10 жылдагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Геомагниттик күндөрдүн жалпы саны 20 жылдык эң жогорку көрсөткүчтү көрсөттү.

Жыл башынан берки 358 күндүн ичинде геомагниттик бузулуулар 69 жолу катталып, 2024-жылдагы көрсөткүчтөн (44 күн) бир топ ашты.