Быйыл өлкөдө 755 гидротехникалык курулма оңдолот

Коом Загрузка... 18 Февраль 2025 14:00
WhatsApp Image 2025-02-18 at 10.20.19.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Быйыл өлкөдө 755 гидротехникалык курулма оңдолот. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, муну менен катар Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 2025-жылга 500 чакырым чарба аралык каналдарды оӊдоо жана механикалык тазалоо, 200 суу өлчөөчү постту оңдоо, 91 насостук станцияны оңдоо, 156 насостук агрегатты оңдоо, 40 насостук агрегатты алмаштыруу, 272 чакырым коллектордук-дренаждык тармакты механикалык тазалоо иштерин аткаруу мерчемделди.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 18-февралына карата 83,9 чакырым чарба аралык каналдарды механикалык тазалоо иштери аткарылды.

Ал эми, 2025-жылдын сугат мезгилине даярдоо план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык тазалоо боюнча негизги иштери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 2025-жылдын 10-апрелине карата, Чүй жана Талас облустары боюнча 2025-жылдын 1-майына карата, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча 2025-жылдын 10-майына карата бүткөрүлөт.

Жазгы ным топтоо сугаты менен республика боюнча 270 миң га жерди камтуу пландалып, сугат иштери 2025-жылдын 1-мартында башталат.