Быйыл өлкө боюнча 76 миңден ашык жаран кызыл китепке ээ болду

Коом Загрузка... 23 Декабрь 2025 16:50
WhatsApp Image 2025-12-23 at 16.44.17.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.12.25 /Кабар/. Быйыл өлкө боюнча 76 миң 688 жаранга менчик укугун күбөлөндүргөн “кызыл китеп” документи берилди. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Жакшылык Токтосунов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы райондук администрациялар жана шаардык мэриялар алдында атайын комиссиялар түзүлүп, жарандардын жер тилкелерине укуктарын мыйзамдаштыруу иштери жүргүзүлгөн. Комиссия жалпы 245 миң 543 арыз кабыл алган.

“Жыйынтыгында, 12 миң 574 гектар жер калктуу конуштардын категориясына өткөрүлүп, 114 миң 685 чечим чыгарылган. Анын негизинде 76 миң 688 жаранга менчик укугун күбөлөндүргөн "кызыл китеп" берилди”,-деп белгиледи ал.

Токтосунов кошумчалагандай, арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын июнь айына чейин жүргүзүлгөн.