Бишкек 25.03.25 /Кабар/. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы балдардын тамактануусун жакшыртууга көмөктөшөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен БУУнун Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөлүк директору Кожиро Накай менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Ведомстводон билдиришкендей, жогоруда аталган программа Кыргызстандын бардык облустарын жана райондорун камтыйт.
Белгилей кетсек, буга чейин 914 мектепке мектептеги ысык тамак программасы ишке киргизилген.
Ал эми, 2025-жылы төмөнкү багыттар боюнча биргелешкен иштер аткарылары айтылат.
- Кыргызстан боюнча 58 мектепке жана 13 мектепке чейинки билим берүү мекемесине ысык тамактар берилет;
- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан 332 мектепке жардам иретинде байытылган ун, өсүмдүк майы, күрүч жана чечевица берилет;
- Мектеп алдындагы бакчаларды уюштуруу программасы үчүн Кыргызстан боюнча 50 мектеп тандалып алынат;
- Кыргызстандын түштүк жергесинде Республикалык компетенция борбору ачылат;
- Чүй жана Ош облустарынын 13 жалпы билим берүү мекемелеринде, ошондой эле Бишкек, Ош шаарларында күн электр станциялары орнотулат;
- 40 мектепте анын ичинде өзгөчө кыздарды жана аялуу топтогуларды ичүүчү таза суу менен камсыздоо, гигиена, санитария жана башка шарттарды түзүп берүү боюнча долбоор ишке ашырылат.