БУУнун баш катчылыгына дагы эки талапкер көрсөтүлдү

Дүйнө Загрузка... 06 Март 2026 10:40
WhatsApp Image 2026-03-06 at 09.30.13.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.03.26 /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун кийинки баш катчысы кызмат ордуна дагы эки талапкер сунушталды. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине таянып, Kazinform билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Башкы ассамблеянын төрагасынын расмий сайтында жарыяланган документтерге ылайык, учурда Африка биримдигине төрагалык кылып жаткан Бурунди мамлекети Сенегалдын мурдагы президенти Маки Саллдын талапкерлигин көрсөттү. Ал эми Коста-Рика экономист, өлкөнүн мурдагы вице-президенти Ребека Гринспенди сунуштады.

Жаңы талапкерлерди эске алганда, учурда БУУнун баш катчысы кызматына төрт талапкер ат салышууда. Алардын катарында Чили, Бразилия жана Мексика тарабынан сунушталган Чилинин мурдагы президенти Мишель Бачелет, ошондой эле Аргентина көрсөткөн Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) учурдагы башкы директору Рафаэль Гросси бар.

БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы Анналена Бербок уюмга мүчө мамлекеттерге жолдогон катында талапкерлер менен өткөрүлө турган интерактивдүү диалогдордун тартибин маалымдады. Бул талкуулар 20-апрелден тарта өтөрү пландалууда.

Диалогдор тынчтык жана коопсуздук, адам укуктары жана өнүгүү сыяктуу БУУнун негизги үч багытынын алкагында уюштурулат. Ар бир талапкер өзүнүн программалык көз карашын сунуштап, андан соң мүчө мамлекеттердин суроолоруна жооп берет.

Катта белгиленгендей, талапкерлер интерактивдүү диалогдор башталганга чейин, тактап айтканда, 1-апрелден кечиктирилбей көрсөтүлүшү керек. Эске салсак, БУУнун баш катчысы кызматына талапкерди уюмга мүчө мамлекеттер сунуштайт. Ар бир өлкө бир гана талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.