Бишкек, 04.03.26 /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюму Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын токтобой жатышы аймактагы гуманитардык абалды оорлотуп, уюмдун жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн чектеп жатканын билдирди. Бул тууралуу уюмдун гуманитардык миссиясынын башчысы Том Флетчер маалымдаганын, Казинформ кабарлайт.
Анын айтымында, аба мейкиндигинин жабылышы кызматкерлердин келип-кетүүсүнө тоскоолдук жаратууда. Ошондой эле Ирандагы эл аралык бейөкмөт уюмдардын чектелген ишмердүүлүгү кырдаалды ого бетер татаалдаштырууда.
Флетчер эгер энергетикалык жолдор же деңиз коридорлору, анын ичинде Ормуз кысыгы жабыла берсе, дүйнөдө азык-түлүктүн баасы кескин өсөрүн эскертти. Мындай шартта саламаттык сактоо системалары чоң басымга туш болуп, импортко көз каранды өлкөлөрдө негизги товарлардын жетишсиздиги жаралышы мүмкүн.
Ормуз кысыгы - Иран жээгине жакын жайгашкан суу жолу. Ал аркылуу дүйнөлүк мунай керектөөсүнүн дээрлик 20 пайызы өтөт. Иран бул кысык аркылуу өтүүгө аракет кылган ар бир кемеге чабуул коюлушу мүмкүн экенин билдирген. Кырдаалдын курчушунан улам мунайдын баасы кескин кымбаттап, бул багыттагы ташуулар дээрлик токтогон.