БУУ: Иранда 3,2 млн адам үй-жайын таштап кетти

Дүйнө Загрузка... 13 Март 2026 13:00
WhatsApp Image 2026-03-13 at 08.53.47.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Иранда 3,2 млн адам үй-жайын таштап кетти. Бул тууралуу БУУга шилтеме берип, Известия жазды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссары башкармалыгынын маалыматы боюнча, Иранда 600 миңден 1 миллионго чейин үй-бүлө же 3,2 млн адам убактылуу ички жер которгонго аргасыз болду.

Жер которгондордун көпчүлүгү Тегерандан, өлкөнүн түндүгүндөгү башка ири шаарлар жана айыл жерлеринен качып кетишкен.