Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. БУУ дүйнө "глобалдуу суу тартыштыгы" дооруна кадам таштап жатканын билдирүүдө. БУУнун университетине караштуу Суу ресурстары институтунун жаңы баяндамасына ылайык, планетанын калкынын дээрлик 75 пайызы (6,1 млрд адам) таза суунун запасы туруксуз же өтө чектелген аймактарда жашайт.
Дээрлик 4 млрд адам жыл сайын жок дегенде бир ай ичинде суунун катуу тартыштыгына дуушар болушат.
1990-жылдардын башынан бери дүйнөдөгү эң ири көлдөрдүн жарымы соолуп баратат, негизги жер астындагы суу катмарларынын 70 пайызы узак мөөнөттүү түгөнүү процессинде, ал эми сугат үчүн колдонулган суунун 40 пайыздан ашыгы соолуп жаткан булактардан алынат. Акыркы 50 жылда суулуу-саздуу жерлердин аянты дээрлик 410 млн гектарга кыскарган. Ал эми бир катар аймактардагы мөңгүлөрдүн массасы 30 пайыздан ашыкка азайган.
Суу кризиси аймактарда ар кандай формада байкалууда: Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада климаттын өзгөрүүсү жана айыл чарбасынын төмөнкү түшүмдүүлүгү абалды курчутса, Түштүк Азияда — интенсивдүү сугаруу жана урбанизация, АКШнын түштүк-батышында — Колорадо дарыясынын бассейниндеги суунун өнөкөт тартыштыгы негизги көйгөй болууда.
БУУ негизги маселе суунун көлөмүндө эмес, аны башкаруунун натыйжасыздыгында экенин баса белгилейт. Эксперттер суу кризисин саясий чечимдердин борборуна чыгарууга, мониторинг жүргүзүүнүн глобалдык тутумун түзүүгө жана суу экосистемаларынын абалын начарлатуучу долбоорлордон баш тартууга чакырышат.