БУУ: Дүйнөдө аномалдуу ысык октябрга чейин уланышы мүмкүн

Дүйнө Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 12:40
AQA4CSh8zPz54wPal9zNSxnl_AivjqluoZlToU8eU8KIN_pS7pHQEmIWWmDSl4oQtdmfS0zc3ojIXP-8Qt6JBDyybhU.png
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 03.08.26 /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюму дүйнөдө экстремалдуу ысык күчөшү мүмкүн экенин эскертип, мамлекеттерди климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы чараларды күчөтүүгө чакырды.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин маалыматына ылайык, күчөп жаткан Эль-Ниньо кубулушу жакынкы айларда температуралык рекорддордун жаңыланышына алып келиши мүмкүн.

Дүйнөлүк метеорология уюмунун божомолуна караганда, 2026-жылдын август-октябрь айларында Жердин көпчүлүк аймактарында абанын температурасы климаттык нормадан жогору болушу күтүлүүдө.

БУУнун башчысы акыркы айларда дүйнөдө катуу ысык толкундары, ири токой өрттөрү жана океандын үстүңкү катмарынын температурасынын жогорулашы байкалганын белгиледи.

Адистердин айтымында, Эль-Ниньо кургакчылык, суу ташкындары жана токой өрттөрү сыяктуу табигый кырсыктардын күчөшүнө таасир этиши мүмкүн.