Буга чейинки президенттерде өлкөнү өнүктүрүү боюнча так план болгон эмес – Ниязов

Коом Загрузка... 29 Январь 2026 16:00
WhatsApp Image 2026-01-29 at 15.32.41 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Бир дагы президентте Кыргызстанды кандай өнүктүрүү керектиги тууралуу так план болгон эмес. Мындай түз пикирин Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов “Беш жыл - жаңы доордун башаты” аттуу даректүү тасмада билдирди.

Анын айтымында, ушул бийлик келгенден бери көрүнүп тургандай, коррупция, уюшкан кылмыштуулук менен күрөш катуу жүрүп жатат.

“Андан тышкары, канчалаган жолдор, имараттар, үйлөр салынып жатат. Чынын айтайын мен таң калып жатам. Канча кызматкерлер батири жок жүрчү эле, мына азыр кызматкерлердин көпчүлүгүнүн батирлери бар. Жеңилдетилген ипотека жолу менен батирлерди алып жашап жатышат”,- деди Ниязов.

Ал ошондой эле чек ара маселесине токтолуп, негизи чек аранын чечилиши өтө кыйын процесс экенин белгиледи.

“Чек ара маселесин чечиш өтө кыйын. Көптөгөн мамлекеттер чек араларын 50-80 жылдап чече албай келишкен. Мен өзүм Тажикстанда элчи болуп иштегем. Ошол учурларда өйдө-төмөн болуп, жалаң эле аскерлер эмес эки тараптуу эл кагылышкан учурларга чейин жеткен. Бул жөнөкөй, карапайым элге терс таасирин тийгизген”, - дейт ал.