Будапештте кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин V жыйыны өтөт

Тышкы саясат 17 октябрь 2025 09:56
Будапештте кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин V жыйыны өтөт

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Венгриянын тышкы экономика жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун чакыруусу менен Венгрияга иш сапары менен барат.

Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын алкагында Кыргыз-Венгрия Стратегиялык кеңешинин Бешинчи жыйыны өткөрүлөт. Анда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашат.

Жыйындын жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.