БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Европарламенттин делегациясы менен жолугушту

Саясат Загрузка... 26 Февраль 2025 22:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европарламенттин адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган делегациясы менен жолугушту.

БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Тынчтык Шайназаров өлкөдө жүргүзүлүп жаткан шайлоо реформаларына кеңири токтолду. Ал 2015-жылга чейин Кыргызстанда шайлоолор кандай өткөнүн, анын ичинде бюллетендерди даярдоо, ташуу жана коргоо процесстерин белгиледи.

“2015-жылдан бери шайлоо системасында беш негизги компонентти камтыган шайлоочуларды идентификациялоо технологиясы менен жабдуулар колдонула баштады. 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жаңы жабдуулар – мурунку 5 компоненттин баарын алмаштырган бирдиктүү идентификатор колдонулган. Бул шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берди”,-деди ал.

Муну менен катар Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Европарламенттин депутаттарын, Европа мамлекеттеринин шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн шайлоо өнөктүктөрүндө заманбап технологияларды колдонуу жаатындагы өлкөнүн жетишкендиктери менен таанышуу үчүн Кыргызстанга чакырды.

Шайназаров айрым өлкөлөрдө почта аркылуу добуш берүү дагы эле колдонулуп жатканын айтып, бул шайлоонун ачык-айкындыгы жана ишенимдүүлүгү боюнча тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн экенин белгиледи. Ошону менен бирге ал Кыргызстан олуттуу реформаларды башынан өткөргөнүн баса белгиледи.

“Эгерде өлкө калыптанып жаткан мезгилде шайлоо реформасы бюллетендерди таштоо, “карусель” жана башка манипуляциялар менен коштолсо, бүгүнкү күндө өлкө жетекчилигинин колдоосу жана заманбап технологияларды ишке киргизүүнүн аркасында шайлоо “Бир шайлоочу – бир добуш” принциби боюнча өтүп жатат”,-деди ал.

Европарламенттин депутаты Игнасио Санчес Амор Социал-демократтар партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Т.Султанбековдун жана партиянын башка мүчөлөрүнүн кармалышы боюнча маселени көтөрдү.

Өз кезегинде Тынчтык Шайназаров бул маселе боюнча шайлоо учурунда Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик органдар менен бирге иш алып барарын белгиледи.

“Укук коргоо органдары сунуштаган материалдар боюнча шайлоочуларды массалык түрдө сатып алуу, финансылык тартипти бузуу, шайлоо фондунан тышкары мыйзамсыз каржылоо фактылары аныкталган. Мындан тышкары, партиялык тизменин алдыңкы ондугуна кирүү үчүн акча алган учурлар аныкталган”,-деди Шайназаров.

Жолугушуунун соңунда Боршайкомдун төрагасы Европарламенттин делегациясына иш сапары жана конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирди.