Дүйнөлүк рынок: Мунайдын баасы кескин төмөндөдү

Дүйнө Загрузка... 23 Июнь 2026 09:00
f478aef2-9e6f-4458-a220-39b1fa845ba2.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Күн мурун мунайдын баасы төмөндөөсүн тездетти. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Маалыматка караганда, Лондондун ICE Futures биржасында Brent мунайынын бир баррели 77,48 доллардан сатылып, мурунку жабылуудан 3,09 долларга (3,84%) төмөндөдү.

Нью-Йорк товардык биржасында (NYMEX) WTI мунайы 2,38 долларга (3,14%) төмөндөп, бир баррели 73,47 долларды түздү.

Мунайдын арзандашына Швейцарияда аяктаган АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасынын жыйынтыгы таасирин тийгизип жатканы айтылды.