Мунай кымбаттап жатат: Биржадагы акыркы баалар

Дүйнө Загрузка... 30 Июнь 2026 09:20
a4d77ba7-d657-4527-8f29-806daa9d1243.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Brent мунайынын бир баррели 73,07 долларга чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка ылайык, күн мурун чийки мунайдын эталондук баалары бир кыйла жогорулады.

Лондондун ICE Futures биржасында Brent 1,08 долларга (1,50%) кымбаттап, бир баррели 73,07 долларды түздү. NYMEX биржасында WTI 1,38 долларга (1,99%) жогорулап, бир баррели 70,61 долларга жетти.