Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Brent мунайынын баасы бир баррелине 103,17 долларга чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка караганда, Лондондун ICE Futures биржасында Brent 2,96 долларга (2,95%) жогорулап, бир баррелине 103,17 долларды түздү. Ал эми NYMEX биржасында WTI маркасындагы мунай 2,97 долларга (3,18%) жогорулап, бир баррелине 96,47 доллар болду.
Дүйшөмбү күнү Brent 2,8%га, ал эми WTI 5,3%га төмөндөгөн.
Бул төмөндөөгө дем алыш күндөрү Ормуз кысыгынан бир нече танкердин тоскоолдуксуз өткөнү тууралуу маалыматтар себеп болду.
Goldman Sachs аналитиктеринин эсептөөсү боюнча, жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы мунай продуктуларынын рыногуна көбүрөк таасир тийгизүүдө.