Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Brent мунайынын баасы баррелине 96,03 долларга чейин төмөндөдү. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мунайдын баасынын арзандашы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды чечүү маселеси каралып жатканына байланыштуу болууда.
Лондондун ICE Futures биржасында Brent 3,33 долларга (3,35%) төмөндөп, баррелине 96,03 долларды түздү.
NYMEX биржасында WTI мунайы 5,53 долларга (5,58%) арзандап, баррелине 93,55 долларды түздү.