Brent мунайынын бир баррели 98 долларга чейин арзандады

Дүйнө 25 март 2026 10:35
Brent мунайынын бир баррели 98 долларга чейин арзандады

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Лондон шаарындагы ICE биржасында Brent маркасындагы мунайдын баасы өсүүдөн кийин төмөндөөгө өтүп, 1,79%га чейин арзандады. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт.

Маалыматка ылайык, буга чейин Brent мунайы 3,77%га өсүп, бир баррели $103,71ге жеткен.

Эми Brent кайра төмөндөп, бир баррели $98,15 деңгээлде (-1,79%) соодаланууда.

Ошол эле учурда WTI маркасындагы мунайдын баасы 2,03%га төмөндөп, бир баррели $86,34 болду.