Brent мунайы баррелине $81,18 чейин арзандады

Дүйнө Загрузка... 05 Март 2026 09:25
WhatsApp Image 2026-03-05 at 08.23.28.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Күн мурун мунай баалары төмөндөдү. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт

Маалыматка ылайык, Brent мунайы Лондондогу ICE Futures биржасында $0,22га (0,32%) арзандап, баррелине $81,18 болду.

Апрель айына карата WTI мунайынын фьючерстери New York Mercantile Exchange (NYMEX) биржасында $0,23ка (0,31%) төмөндөп, баррелине $74,33 түздү.

Буга чейин соода учурунда Brent баасы $84,48ге чейин көтөрүлгөн.

Инвесторлор Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды кылдат байкап, ошондой эле АКШнын Энергетика министрлигинин мунай запастары боюнча маалыматтарын баалоону улантууда.