Бразилияда тынымсыз жааган жамгырдан улам 30 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 26 Февраль 2026 11:08
WhatsApp Image 2026-02-26 at 10.52.38.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.26 /Кабар/. Бразилиянын Минас-Жерайс штатында катуу жааган нөшөрлүү жамгырдан улам 30 адам каза тапты. Дагы 39 адам дайынсыз болуп жатканын CNN Brasil телеканалына таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматка ылайык, тынымсыз жааган жамгырдан улам жер көчкү жана сел жүрүп, эң чоң зыян Жуис-ди-Фора жана Уба шаарларына келтирилген. Табигый кырсыктардын айынан болжол менен 440 адам үй-жайсыз калды.

Куткаруу иштери учурунда ураган имараттардын алдынан 13 адам аман-эсен чыгарылган. Өлкөнүн вице-президенти Жералду Алкмин билдиргендей, издөө-куткаруу иштерине куралдуу күчтөр тартылды. Аскердик тик учактар жана атайын техникалар да колдонулуп жатат.

Ошондой эле үй-жайсыз калган тургундарга 800 реал (болжол менен 155 доллар) өлчөмүндө баштапкы каржылык жардам көрсөтүлөт. Бул каражат матрас, кийим-кече жана азык-түлүк сатып алуу үчүн бөлүнөт.