Бостери айылындагы Алтын-Кум пляжы таанылгыс болуп өзгөрөт – Орунтаев

Аймак Загрузка... 24 Март 2025 22:02
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Алтын-Кум пляжы таанылгыс болуп өзгөрөт. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Министрдин айтымында, аталган пляждагы эскилиги жеткен жана бир нече жылдан бери иштебей турган атракциондор алынып, көл бойлогон пляж заманбап болуп курулууда. Учурда куруу иштери кызуу жүрүүдө.

Эске салсак, буга чейин Бостери айылында муниципалдык пляжды реконструкциялоо иштери башталганы айтылып, оңдоо иштерине Аймактарды өнүктүрүү фондунан 35 миллион 85 миң 528 сом бөлүнгөнү маалымдалган.

Жайкы туристтик сезондун башталышына чейин пляжды реконструкциялоону аяктоо пландалууда.