Борбор жана Түштүк Азияны байланыштырган жол: Төрт тараптуу коридор илгерилейт

Борбор Азия 6 февраль 2026 12:35
Борбор жана Түштүк Азияны байланыштырган жол: Төрт тараптуу коридор илгерилейт

Ташкент, 06.02.26. /Кабар/. Исламабад шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф "Пакистан – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" транспорттук коридорун өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, Трансафган темир жолунун курулушун ылдамдатуу жана "Пакистан – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" транспорттук коридорун илгерилетүү маселелери каралды.