Борбор Азиянын коопсуздугу: Бишкекте киберкоркунучтарга биргелешип каршы туруу талкууланууда

Борбор Азия 1392 21 Январь 2026 12:16
WhatsApp Image 2026-01-21 at 12.26.18.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-21 at 12.25.59 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-21 at 12.25.59 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-21 at 12.25.59.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-21 at 12.25.58 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-21 at 12.25.58 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-21 at 12.25.58.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Бишкекте "Киберкоопсуздук: уюштуруучулук-укуктук маселелер, эл аралык жана улуттук стандарттар, көйгөйлөр, коркунучтар, чакырыктар жана алардын Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздугуна тийгизген таасири" аталган эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Иш-чаранын максаты Борбор Азия аймагында киберкоопсуздукту камсыздоо, жаңы технологиялардын өнүккөн шартында жаңы чакырыктарга, коркунучтарга биргелешип каршы туруу жана тажрыйба алмашуу.

Белгилей кетсек, конференцияда Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия жана Кыргызстандын окумуштуулары, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аталган теманын алкагында изилдөөлөрүн сунуштап, өз өлкөсүндө бул багытта аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришүүдө.

Илимий иш-чарага президенттин аппаратынын, министрликтердин, ведомстволордун, укук коргоо жана фискалдык органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын, эксперттик-аналитикалык түзүмдөрдүн, изилдөө борборлорунун өкүлдөрү, чет өлкөлүк эксперттер катышууда.