Борбор Азияда бензиндин эң жогорку баасы Өзбекстанда катталды

Борбор Азия Загрузка... 15 Июль 2026 14:35
WhatsApp Image 2026-07-15 at 14.34.28.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы эң жогору өлкө — Өзбекстан болду. Бул тууралуу күйүүчү майдын дүйнөлүк бааларын көзөмөлдөгөн GlobalPetrolPrices порталынын маалыматына таянып, Казинформ билдирди.

Анда белгиленгендей, 13-июлга карата Өзбекстанда 1 литр АИ-95 бензининин орточо баасы 1,340 долларды түзгөн. Бул көрсөткүч дүйнөлүк орточо баадан (1,47 доллар) төмөн болгону менен, Борбор Азиядагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү бааларга салыштырмалуу жогору болуп саналат.

Аймактагы башка өлкөлөрдө күйүүчү майдын баасы төмөнүрөөк. Мисалы, Кыргызстанда орточо 1,016 доллар, Казакстанда 0,687 доллар, Түркмөнстанда 0,43 доллар, Азербайжанда 0,676 доллар жана Россияда 0,924 доллар болууда.

Дүйнөдө бензин эң арзан сатылган өлкөлөрдүн катарына Ливан (0,023 доллар), Иран (0,029 доллар) жана Венесуэла (0,035 доллар) кирсе, эң кымбат күйүүчү май Гонконгдо катталган. Аталган өлкөдө 1 литр бензиндин баасы 4,062 доллар турат. Ошондой эле баасы жогору өлкөлөрдүн арасында Дания, Израиль, Нидерланд, Финляндия, Германия, Сингапур жана Швейцария бар.