Борбор Азияда аймактык электр энергия рыногу түзүлөт

Борбор Азия Загрузка... 26 Январь 2026 10:24
p_26.png
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 26.01.26. /Кабар/. Дүйнөлүк банк Борбор Азияда алгачкы аймактык электр энергия рыногун түзүүнү колдойт. Бул тууралуу банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банк 10 жылга эсептелген «Борбор Азияда электр энергия рыногун өнүктүрүү жана энергосистемаларды интеграциялоо» программасын (REMIT — Regional Electricity Market Interconnectivity and Trade) бекитти. Программа аймактагы энергетикалык ресурстарды өз ара толуктоо принциби менен пайдаланууга багытталган. Анын алкагында Кыргызстан жана Тажикстандагы гидроэнергетика, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандагы жылуулук электр станциялары, ошондой эле аймактагы бардык өлкөлөрдө өнүгүп жаткан күн жана шамал энергиясы камтылат.

REMIT программасы электр энергиясынын аймак аралык соодасын жылына кеминде 15 миң ГВт·саатка чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле электр өткөрүү линияларынын өткөрүмдүүлүгүн үч эседен ашык жогорулатып, 16 ГВтка жеткирүү. Мындан тышкары 9 ГВтка чейинки таза энергия кубаттуулуктарын улуттук энергосистемаларга кошуу каралууда.

Программанын жалпы болжолдуу каржылоо көлөмү 1,018 млрд АКШ долларын түзүп, ал үч этапта ишке ашырылат. Каражаттар аймактык электр энергия рыногун түзүүгө жана ишке киргизүүгө, өткөрүү инфраструктурасын бекемдөөгө, энергосистемалардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди киргизүүгө, ошондой эле энергетика тармагындагы аймактык кызматташууну күчөтүүгө багытталат.

Программанын биринчи этабында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин координациялык-диспетчердик борбору «Энергия» жалпы суммасы 143,2 млн долларды түзгөн гранттык жана жеңилдетилген каржылоого ээ болот. Анын ичинен 140 млн доллар Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каражаттары, 3,2 млн доллар Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасынын (CAWEP) гранттары болуп саналат.

REMIT программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө үчүн түзүлө турган аймактык жетекчи комитеттин курамына Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетика министрликтери жана тиешелүү аткаруучу органдар кирет.