Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. 4-декабрда Венада ЕККУнун министрлер кеңешинин алкагында Борбор Азия – Түндүк Европа форматындагы тышкы иштер министрлеринин бейрасмий жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын, ошондой эле Дания, Исландия, Норвегия, Финляндия жана Швециянын тышкы иштер министрлери жана тышкы иштер министрлеринин орун басарлары катышты.
Иш-чарада Борбор Азия жана Түндүк Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы аймактар аралык жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле Афганистандагы учурдагы кырдаал жана анын ЕККУ аймагына тийгизген таасири талкууланды.
Кыргызстандын атынан сүйлөгөн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Борбор Азиядагы аймактык кызматташтык акыркы жылдары активдүү саясий диалогдун жана биргелешкен экономикалык, транспорттук, энергетикалык, маданий жана гуманитардык долбоорлордун аркасында бир топ күчөгөнүн баса белгиледи.
Ошондой эле ал Түндүк Европа өлкөлөрүнүн интеграция тажрыйбасын үйрөнүүнү жана жашыл экономика, санариптештирүү сыяктуу тармактарда практикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, кыргыз тарап Афганистандагы тынчтык жана туруктуу өнүгүү үчүн эл аралык жана аймактык аракеттерге активдүү катышып жатканын билдирди.