Бишкек, 27.10.25 /Кабар/. Борбор Азия - Евразия континентинин чок ортосунда жайгашкан, геосаясий жана экономикалык жактан маанилүү аймак. Бул регион өзүнүн стратегиялык орду, жаратылыш ресурстарынын байлыгы жана транспорттук-транзиттик потенциалы менен дүйнөлүк державалардын көңүл борборуна айланууда. 2022 - жылдан тартып Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирген Борбор Азиядагы беш өлкөгө кызыгуу кыйла өстү. Жакында эле президент Садыр Жапаров Тажикстанда өткөн "Борбор Азия – Россия" экинчи саммитине катышкан.
Алдыда мамлекет башчысын АКШ президенти Дональд Трамптын АКШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги жолугушуусуна чакыруусуна байланыштуу АКШга иш сапары менен баруусу күтүлүүдө. Бул ушул форматтагы экинчи саммит болот. Биринчиси 2023-жылы Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында өткөн.
Президент өткөн жылы "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдиргендей, бул Кыргызстандын көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатканын дагы бир жолу айгинелейт.
“Мен бийликке келген 4 жылдан бери тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзүп келем. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен эки тараптуу кызыкчылыкта бирдей жана тең ата кызматташып жатабыз. Керек болсо кечээ жакында эле Евробиримдик менен дагы кызматташууга кол коюп келдик. КМШ өлкөлөрүнүн башка мүчөлөрү менен дагы тыгыз кызматташып жатабыз”,- деп белгилеген Жапаров.

Дүйнөнүн төрт багытын байланыштырган Борбор Азия аймагы геосаясий орду, транспорттук мүмкүнчүлүктөрү, коопсуздук маселелери жана жаш, эмгекке жарамдуу калкы менен кызыгуу жаратып, ар кандай стратегиялык аянтчаларда кызматташуулар уланып келет. Коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов “Кабар” агенттигине билдиргендей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ири өлкөлөрдү кызыктырган негизги факторлору төмөнкүлөр:
- географиялык абалы – Борбор Азия Евразиянын жүрөгү;
- коопсуздук жана чек ара фактору;
- жаратылыш байлыктары жана энергия потенциалы;
- транзиттик мүмкүнчүлүктөр жана инфраструктура;
- жаңы рынок жана жумушчу күчү.
Серепчинин пикиринде идеологиялык жана маданий факторлор боюнча Борбор Азия аймагы Кытай үчүн цивилизациялык коңшулук жана коопсуз тилке, Россия үчүн тарыхый жана тилдик байланыштар болсо, АКШ үчүн демократия жана глобалдык тең салмак.
"Борбор Азия - АКШ" саммити тууралуу айтсам, бул АКШ менен Борбор Азиянын беш мамлекетинин ортосундагы көп тараптуу кызматташуунун механизми. Бул формат 2015-жылы АКШнын демилгеси менен түзүлүп, региондук коопсуздукту чыңдоого, экономикалык өнүгүүгө жана институционалдык реформаларды илгерилетүүгө багытталган туруктуу стратегиялык диалог аянтчасына айланган. Быйыл өтө турган саммит Борбор Азия менен АКШнын кызматташтыгынын жаңы этабы болуп, дүйнөлүк саясаттагы геосаясий тең салмактын өзгөрүшүн жана региондун өсүп жаткан ролун чагылдырат.

“C5+1” форматындагы саммиттин саясий-укуктук мааниси Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо. Коопсуздук жана региондук туруктуулук, экономика, инвестициялар жана ресурстар, транзит, логистика жана инфраструктура, башкаруу, мыйзам үстөмдүгү жана коррупцияга каршы реформалар форматынын алкагындагы негизги кызматташтык багыттары болуп саналат",- деп белгиледи Мамытов. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов өлкөдөгү радиолордун архивине жаздырылган маектеринин биринде Борбор Азия мамлекеттери жалпы идеология, орток башкаруучу уюмдарды түзсө жаңы замананын бетин ачып берет беле деп ойлойм деген пикирин билдирген.
“Азыр Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан – булардын ар бири өзү менен өзү алек. Ошол эйфориядан кете элекпиз. Бир жагы эйфория, экинчи жагынан кыйынчылык. Ошон үчүн ар ким үйүндөгү оокаты менен алек болуп жатат. Жалпы идеология, анын жөнүн таап дегендей, орток башкаруучу уюмдарды түзсөк, кыйын болсо да Европа биримдигине окшоштурсак, балким бизге ошол жаңы замананын бетин ачып берер беле деп ойлойм. Бирок, дагы бир жолу белгилейм, бул азырынча жөн гана тилек, идея, ага жетиш үчүн көп убакыт бар, анын жолу дагы кыйын болуп турат",- деп белгилеген Айтматов.

Ошентип бир кездеги жөн гана тилек, идеялар ишке ашып, бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттеринин соода-экономикалык кызматташтыгы өнүгүп, ири өлкөлөр менен кызматташтыгы артууда.
Аймактын өнүгүп жатканын, анын тышкы соода жүгүртүүсүнүн динамикасы көрсөтүп турат. Россия президенти Владимир Путин Душанбеде өткөн саммитте 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Борбор Азия өлкөлөрү менен товар жүгүртүү 45 млрд доллардан ашканын белгиледи. 2025-жылдын январь-июлунда көрсөткүч дагы 4 пайызга өскөн.
Ал эми Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылы 66,2 млрд долларды түзсө, 2025-жылдын беш айында 39,8 млрд долларга жеткенин Кытайдын башкы бажы башкармалыгы жарыяланган статистикалык маалыматтар тастыктаган.