Борбор Азия өлкө башчылары Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады — Кабар

Борбор Азия өлкө башчылары Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Саясат 31 август 2026 11:00
Борбор Азия өлкө башчылары Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

790385767_1090306760129044_7515732867690836361_n.jpg

“Бул маанилүү дата кыргыз элинин эркиндикке, эгемендүүлүккө жана өз алдынча мамлекет болууга умтулуусун айгинелейт. Ушул жылдар аралыгында Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн түптөөдөн тартып туруктуу өнүгүүгө чейинки татаал жолду татыктуу басып өтүп, мамлекеттүүлүгүн чыңдап, бай руханий мурасын сактап, эл аралык аренада кадыр-барктуу мамлекетке айланды.
Буга Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы айкын далил болот.
Сиздин күчтүү жетекчилигиңиздин алдында Кыргызстанда экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана элдин бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган масштабдуу өзгөрүүлөр ишке ашырылууда.
Казакстан менен Кыргызстанды кылымдарды карыткан достук жана ынак коңшулук салттарына негизделген чыныгы боордоштук мамилелер байланыштырып турат.
Өлкөлөрүбүз өз ара ишеним жана тилектештиктин бекем негизине таянып, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык алакаларды ырааттуу өнүктүрүп келе жатат.
Казак-кыргыз мамилелери мындан ары да элдерибиздин жыргалчылыгы жана Борбор Азиянын гүлдөп-өнүгүшү үчүн динамикалуу түрдө чыңдала берет деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго түгөнгүс күч-кубат жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

789844858_1076969715316244_1595397805520634310_n.jpg

“Сиздин жетекчилигиңиз алдында өлкөдө туруктуу өсүштү камсыз кылууга багытталган системалуу жана кеңири масштабдуу реформалар жүргүзүлүп, анын натыйжасында боордош Кыргызстан бүгүн экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн жогорку көрсөткүчтөрүн көрсөтүп жатканы бизди өзгөчө кубандырат.
Сиз тарабынан көтөрүлгөн аймактык жана дүйнөлүк маанидеги бир катар маанилүү демилгелер эл аралык коомчулук тарабынан татыктуу колдоого алынып жатканын да өзгөчө канааттануу менен белгилегим келет. Мындай ири жетишкендиктердин негизинде Сиздин Мамлекет башчысы катары натыйжалуу ишмердигиңизге жана мол практикалык тажрыйбаңызга таянган даанышман жана көрөгөч саясатыңыз турат.
Жакында ажайып кооз Чолпон-Ата шаарында өлкөңүзгө жасаган мамлекеттик сапарымдын алкагында жүргүзүлгөн жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүз жана жетишилген маанилүү макулдашуулар мамилелерибизди жаңы тарыхый баскычка – союздаштык мамилелер деңгээлине чыгарды.
Урматтуу президент мырза! Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусу аймактык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана өз ара ишенимди чыңдоого карай маанилүү кадам болгонун баса белгилегим келет.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 25-юбилейлик саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенем. Бул маанилүү иш-чаралар өлкөңүздүн бай тарыхый-маданий мурасын жана меймандостук салттарын дүйнөгө кеңири таанытууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Элибиздин ортосундагы кылымдардан бери келген достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да бекемделип, коңшулук жана өз ара колдоо принциптерине негизделген кызматташтыгыбыз ырааттуу түрдө кеңейе берери талашсыз”, — деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, кажыбас күч-кубат жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана туруктуу өнүгүү каалады.

790024508_4383117378621482_2775209867773763483_n.jpg

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго жана боордош кыргыз элине Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосун жана каалоо-тилектерди билдирген телеграмма жолдоду.

“Бүгүнкү күндө боордош Кыргызстан сиздин жетекчилигиңиз астында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бардык тармактарында масштабдуу жыйынтыктарга жетишип, ырааттуу түрдө алдыга жылып жатат. Конструктивдүү аймактык кызматташтык саясатынын жигердүү жактоочусу катары Кыргызстандын эл аралык аренада кадыр-баркы өсүүдө.
Биздин өлкөлөрдү достук, ынак коңшулук жана жакшы мамилелердин тарыхый салттары байланыштырат.
Биздин элдерибиздин өз ара мамилелерин ар тараптуу бекемдөө бүгүнкү күндө да Тажикстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын сап башында турат.
Тараптардын биргелешкен аракеттеринин аркасында мамлекеттер аралык өнөктөштүк жана бардык деңгээлдеги диалог ийгиликтүү өнүгүп, акыркы жылдары дагы кеңири мүнөзгө ээ болду. Тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Келишимге кол коюу мунун айкын мисалы катары саналат", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.