Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Боом капчыгайында жол убактылуу жабылат. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 130-чакырымында, тактап айтканда Боом капчыгайында кооптуу таштарды кулатуу иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу убактылуу жабылат.
Аталган иштер бүгүн, 20-апрелден баштап 30-апрелге чейин күн сайын саат 09:00дөн 16:00гө чейин маал-маалы менен жүргүзүлөт.
"Бул убакыт аралыгында унаа жолу убактылуу жабылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт. Ар 15–20 мүнөт сайын таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат”, - деп айтылат маалыматта.
Иш-чаралар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын жол тейлөө филиалы тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жол коопсуздугун камсыздоо жана таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында уюштурулууда.