ӨКМ башчысы Нарында жер титирөөдөн жабыркаган айылдарды кыдырууда — Кабар

ӨКМ башчысы Нарында жер титирөөдөн жабыркаган айылдарды кыдырууда

Аймак 15 май 2025 11:50
497549432_1094711992701526_6851920173789914531_n.jpg
494382981_1094711979368194_5449883589577232497_n.jpg
494550400_1094712289368163_1922613108277463022_n.jpg
494633477_1094712089368183_5655757297352447085_n.jpg
494958289_1094712566034802_7625580332361890430_n.jpg
495967164_1094712439368148_6310802870485501559_n.jpg
496704224_1094712069368185_8065126913542593267_n.jpg
496955203_1094712282701497_6777804980921081006_n.jpg
497394173_1094712539368138_4923257853478963226_n.jpg
497921563_1094712199368172_8041909253064391149_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 15.05.2025. /Кабар/. Бүгүн өзөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жер титирөөдөн жабыркаган Ак-Талаа районундагы айылдардын жашоочуларынан жана турак-жайлардан кабар алууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр Жаңы-Талап, Кара-Ой, Ак-Кыя айылдарында жер титирөөдөн жабыр тарткан турак жайларды, социалдык имараттарды көрүп, жарандар менен жолугушту.

Ажикеев тургундарга коопсуздук эрежелери жана курулуштардын абалы тууралуу кеңештерин берди.

Белгилей кетсек, 12-майда Ак-Талаа районунда күчү 4 жана 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Алдын ала маалымат боюнча, комиссия тарабынан 116 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үй, 1 бала-бакча, 1 китепкана жана 1 дүкөн техникалык абалына карата визуалдык кароодон өткөрүлгөн.