Боливияда суу ташкынынан кеминде 20 адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 16 Декабрь 2025 12:00
WhatsApp Image 2025-12-16 at 09.37.21.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.12.25 /Кабар/. Боливиянын Санта-Крус департаментин каптаган суудан кеминде 20 адам каза болуп, дагы 20дан ашууну дайынсыз болууда. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министринин орун басары Альфредо Троче билдиргенин, ТАСС кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, 13-декабрда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен бир нече дарыя нугунан чыгып, аймакты суу каптаган.

Альфредо Троченин айтымында, суунун деңгээли акырындап түшүп жаткандыктан, куткаруучулар издөө иштерин улантууда.

“Тилекке каршы, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн”,-деген ал Bolivia TV телеканалына берген маегинде.

Өлкө бийлиги Эль-Торно муниципалитетин кырсыктан эң көп жабыркаган деп жарыялап, аталган аймакта 600дөн ашуун үй-бүлө жабыркаганын белгиледи.