Бишкек, 20.01.26 /Кабар/. Болгариянын президенти Румен Радев кызматтан кетерин билдирди. Бул тууралуу Kazinform агенттиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Румен Радев президенттик кызматты 2017-жылдан бери эки мөөнөт катары менен аркалап келе жатат. Анын отставкага кетүү чечиминин себеби - декабрь айында башталган массалык нааразылык акциялары.
Ал эми нааразычылыктарга социалдык тармактарда тараган видеолор себеп болгон. Видеолордун биринде бийликтеги коалициянын депутаттары “Лукойл” компаниясынын жергиликтүү активдерине байланыштуу мыйзамды болгону 26 секундда кабыл алганын көрүүгө болот. Дагы бир видеодо талаштуу бюджет долбоору боюнча добуш берүү депутаттардын түшкү тыныгуу маалында өткөнү көрсөтүлгөн.
11-декабрда нааразылык акцияларынын күчөшүнөн улам, Болгариянын премьер-министри Росен Желязков да кызматтан кеткен.
Мындан тышкары, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөрү белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Болгария калкынын дээрлик жарымы еврону киргизүүгө каршы. Алар бул кадам өлкөнүн суверенитетине зыянын тийгизиши мүмкүн деп кооптонушат. Ошондой эле левадан еврого өтүү учурунда баалар өсүп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар бар.
Декабрь айында Болгариянын өкмөтү көп жумалык нааразылык акцияларынан кийин толук курамда отставкага кеткен.