Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Apple компаниясы 9-сентябрда биринчи бүктөлмө смартфонун тааныштырышы күтүлүүдө. Ал iPhone Ultra деп аталышы мүмкүн. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ америкалык Fortune журналына шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, жаңы смартфон бүктөлмө дисплей менен жабдылып, дизайнында бир тарабы түз, экинчи тарабы тегеректелген бурчтар болушу мүмкүн. Аппараттын базалык версиясынын баасы 2,2-2,5 миң евро болору, ал эми эс тутуму көбөйтүлгөн моделдер 3 миң еврого чейин жетери күтүлүүдө.
Apple компаниясынын бүктөлмө смартфон рыногуна чыгышы Samsung, Huawei, Google жана Motorola менен атаандаштыкты күчөтүшү мүмкүн. IDC компаниясынын болжолунда, Apple биринчи жылы 10 миллиондон ашык бүктөлмө iPhone сата алат.
Презентацияда ошондой эле Apple Watch Series 12, Apple Watch Ultra, iPad mini 8, AirPods Pro, жаңыртылган Apple TV жана HomePod mini түзмөктөрү көрсөтүлүшү күтүлүүдө.