Apple биринчи бүктөлмө iPhone смартфонун жарыялады

Дүйнө 10 сентябрь 2026 10:50
Apple биринчи бүктөлмө iPhone смартфонун жарыялады
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.09.26 /Кабар/. Apple компаниясы тарыхында биринчи жолу бүктөлмө iPhone смартфонун — iPhone Duo моделин жарыялады. Бул тууралуу Казинформ Apple компаниясына шилтеме берүү менен билдирди.

Жаңы смартфон эки экран менен жабдылган. Сырткы экрандын өлчөмү 5,4 дюйм болсо, ички бүктөлмө экран 7,6 дюймду түзөт. Компаниянын маалыматына караганда, бул iPhone моделдеринин арасындагы эң чоң экран.

iPhone Duo A20 Pro процессору менен иштейт. Ошондой эле бүктөлмө түзмөктөргө ылайыкташтырылган iOS 27 операциялык системасы орнотулган.

Смартфон ак жана көк түстөрүндө чыгарылат. АКШдагы баасы дээрлик 2 миң доллардан башталат.

iPhone Duo үчүн алдын ала буйрутмалар 16-октябрда кабыл алына баштап, 23-октябрдан тарта сатыкка чыгат.

Буга чейин Apple компаниясы iPhone 18 Pro жана iPhone 18 Pro Max моделдерин чыгарган.