Бишкек, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештерди көргөн Жети-Өгүз районунун тургуну Азамат Субанов “Кабар” агенттигине оюн кызыктуу жана курч мүнөздө өткөнүн билдирди.
“Оюндар сонун болду. Биздин жигиттер аябай жакшы ойноду. Баары азамат, абдан баа бердим, 5 деген баа берем. Мелдеш бизге өзгөчө маанай тартуулады. Биздин жигиттер утат деп башында эле ишенгем. Бирок эки команда тең күчтүү экен. Оюн абдан кызыктуу өттү”, — деди ал.
Эске салсак, бүгүн, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештер өттү.
Анда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары кез келип, көк бөрү оюну боюнча 12:0 эсебинде, ал эми көкпар оюну боюнча 7:2 эсебинде Кыргызстан командасы жеңишке жетти.