Биткоин криптовалютасынын баасы 69 миң доллардан ашты

Дүйнө 3 март 2026 09:35
Биткоин криптовалютасынын баасы 69 миң доллардан ашты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Биткоин криптовалютасынын баасы 16-февралдан бери биринчи жолу 69 миң доллардан ашты. Бул тууралуу Binance криптовалюта биржасынын маалыматына таянып, Коммерсант гезити жазды.

Маалыматка караганда, күн мурун криптовалютанын баасы 69 миң 346 долларга жетти.

Binance'тын маалыматы боюнча, биткоин учурда 12,17% жоготууда. Криптовалюта акыркы жолу 69 миң доллардан ашкан, 2026-жылдын 16-февралында анын баасы 70 миң 774 долларга жеткен. Рыноктук капиталдаштыруу боюнча экинчи орунда турган криптовалюта 2,9%га өсүп, 2 миң долларга жетти.