Бишкектин чыгыш тарабында 3 күн газ өчөт

Коом 23 сентябрь 2026 15:05
Бишкектин чыгыш тарабында 3 күн газ өчөт
copyright icon WWW

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Бишкектин чыгыш тарабында 3 күн газ өчөт.

"Бишкекгаз" кызматы билдиргендей, төмөнкү басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 23-25-сентябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Суворов көчөсү, Осмонкул көчөсү, Древесная көчөсү, Аламүдүн дарыясы, ЧЧК, Абдыкадыров көчөсү.

"Бишкекгаз" кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.