Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгү убактылуу жабылат

Коом 7 октябрь 2026 12:00
Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгү убактылуу жабылат
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Бишкектеги Асаналиев көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгүндө тосмо жабдуусун алмаштыруу иштерине байланыштуу автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек-1 — Бишкек-2 темир жол тилкесинин 3778-чакырымындагы оңдоо иштери 2026-жылдын 8, 9, 10 жана 11-октябрь күндөрү саат 21:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин жүргүзүлөт.

"Бул убакыт аралыгында өтмөк аркылуу унаалардын өтүүсү жарым-жартылай чектелип, жумуштар этап-этабы менен аткарылат — алгач жолдун бир тарабы, андан соң экинчи тарабы жабылат",-деп айтылат маалыматта.