Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Коом Загрузка... 14 Апрель 2025 11:30
WhatsApp Image 2025-04-14 at 14.13.47.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт.

"Бишкекгаз" газ кызматы жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 16-18-апрель күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдайт:

Лермонтов көчөсү, ЧЧК, Биринчи май көчөсү, Бакай-Ата конушу.

Аталган кызмат түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Жумуштар газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.