Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Коом 153 20 Август 2026 09:35
1755850014_large_IP.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
WhatsApp Image 2026-08-19 at 18.51.42 (1).jpeg
Алдыга
Артка
1755850014_large_IP.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
WhatsApp Image 2026-08-19 at 18.51.42 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Бүгүн, 20-августта Бишкектин айрым бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлөт.

Мэриядан билдиришкендей, саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Өчүрүү району: Чүй проспектиси, Фрунзе көчөсү, Тыныстанов көчөсү, Манас проспектиси (азыркы - Ч.Айтматов проспектиси) Жибек Жолу проспектисинен Ала-Арча суусуна чейин, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү.

Мында жылуулук тармактарынын суу түтүгүн көчүрүү иштери жүрөт.