Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта түз эфирден көрсөтүлүп, шаар тургундары менен конокторун бир жерге чогултту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү кыргыз ырчыларынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.
"Көрүүчүлөр Чолпон-Ата шаарында өткөн жабылыш аземин, спортчулардын өнөрлөрүн жана ар түрдүү элдердин маданиятын чагылдырган чыгармачылык номерлерди түз эфирден көрүштү", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чара майрамдык маанайда өтүп, көрүүчүлөр Көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына колдоо көрсөтүштү. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорт, маданият жана салт аркылуу ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бириктирген эл аралык аянтча болду.