Бишкектеги ЖМК форуму: Чет өлкөлүк делегаттар 91 млн сомго камсыздандырылды

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 18:00
758793467_1488435039978314_6375448212659781092_n.jpg

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлордун форумунун делегаттары 91 млн сомго камсыздандырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму медиа форумдун камсыздандыруу боюнча расмий өнөктөшү болуп, иш-чарага катышкан 180ден ашуун чет өлкөлүк делегатка жалпы камсыздандыруу суммасы 91 миллион сомду түзгөн камсыздандыруу полистерин берди.

"МКУ үчүн мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чаранын камсыздандыруу боюнча өнөктөшү болуу өлкөдө камсыздандыруу тармагынын өнүгүшүнө жана уюмдун ишенимдүүлүгүнө берилген жогорку баанын дагы бир көрүнүшү болуп саналат",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форуму биринчи жолу өтүүдө. Иш-чараны Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги биргелешип уюштурууда.

Форумга 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүл катышууда. Алардын арасында алдыңкы маалымат агенттиктеринин жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун, илимий мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.

Форумдун темасы — “Жаңы доордогу ШКУ: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка карай” деп аталат.

Пленардык жыйындардын жана тематикалык сессиялардын алкагында катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, медиа чөйрөнү санариптик трансформациялоо, гуманитардык өз ара аракеттенүү жана дүйнөлүк маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулашууда.